Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2019-жыл 24-декабрь