Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2019-жылдын Республикалык бюджетине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 152,1 млрд. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 162,0 млрд. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 9,9 млрд. сом суммасында белгиленди.

2019-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2019-жыл 24-декабрь