Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана  2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана  2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

2019-жыл 24-декабрь