Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрөт.
Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.
Маалымат жыйыны түз эфирде КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналынан, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлөт.
Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарындагы мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.