Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Италия Республикасындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Сан-Марино Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.