Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондо коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө маселелери козголду.