Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров ГФР канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады.
«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда өз ара урматтоонун, түшүнүшүүнүн жана көп жылдан берки ийгиликтүү кызматташуунун негизинде жетишилген мамилелердин жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө демократиялык мамлекетти бекемдөө жолунда ишенимдүү өнүгүп жатат. Бул максатта Германия Федеративдүү Республикасынын көрсөтүп жаткан зор колдоосу биз үчүн өтө маанилүү жана өлкөдө демократиялык, социалдык-экономикалык реформаларды мындан ары улантууга ишеним берет», - деп айтылат куттуктоо катында.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн тыгыз мамилелер мындан ары да кызматташуунун бардык багыттарында өнүгөрүнө ишеним артарын билдирди.
Ал Ангела Меркелге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

2021-жыл 18-июль