Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.

Саммит алкагында Мамлекет башчысы француз кесиптеши менен жеке таанышуусу орун алып, анын жүрүшүндө регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу өңүттөр боюнча пикир алмашуу болду.

2021-жыл 1-ноябрь