Бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.
Салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.
БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.