Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Facebook (Мета) компаниясынын глобалдык туруктуулук боюнча директору Эдвард Пальмиер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитине катышуунун алкагында Facebook (Мета) компаниясынын павильонунда болду.

Мамлекет башчысы Facebook глобалдык туруктуулук боюнча директору Эдвард Пальмиер менен жолугушуп, Кыргызстандын дүйнөлүк маанилүү социалдык түйүн менен мүмкүн болгон кызматташуу формаларын талкуулады.

2021-жыл 2-ноябрь