Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: Бүгүн биз ЕБ менен БА кызматташтыгынын кеңейишинин жаңы этабы башталганын тастыктай алабыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» биринчи эл аралык экономикалык форумуна катышууда.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу өкмөт башчылары,

урматтуу Европа Комиссиясынын вице-президенти!

Урматтуу коноктор жана өнөктөштөр!

 

Сиздер менен Кыргызстанда өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунда көрүшүп жатканыма сыймыктанам.

Бүгүн, урматтуу коноктор, сиздердин катышуусуңуздар менен тарыхый окуя өтүп жатат. Були иш-чара абдан маанилүү. Биз региондордун ортосундагы экономикалык кызматташуунун жаңы платформасын ишке киргизип жатабыз.

Бул демилгени колдогон, ошондой эле бүгүнкү жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөткөн бардык өнөктөштөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

 

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

2019-жылы Бишкек шаарында сунушталган Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин Стратегиясы экономикалык кызматташуунун жаңы платформасын түзүү демилгесин көтөрүүгө мүмкүндүк берди.

Бүгүн бул иш-чара Бишкекте өтүп жатканына кубанычтабыз жана анын негизги максаты региондордун ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.

COVID-19 пандемиясы өз-өзүнчө болбой, биргелешип аракеттенгенде гана көп иштерди жасайбыз деген оюбузду бекемдеди.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөр бизге тыгыз кызматташуу жана өнөктөштүк аркылуу дагы конструктивдүү мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк ачып жатат. Мына ошондуктан мындай өнөктөштүк мамилелерди улантуу үчүн форумдун потенциалын колдонууну сунуштайбыз.

 

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Бул максатка жетүү үчүн бизде бардык зарыл шарттар бар.

Биз инновациялык, туруктуу жана инклюзивдик улуттук экономиканы түзүү боюнча маселелерди, милдеттерди бөлүштүрөбүз.

Өнүгүү стратегияларыбыздагы ар кандай артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен ал маселелерди кызматташуунун күчтүү багыттарына айлантабыз.

Эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана теңчиликтин жалпы баалуулуктары менен дагы бөлүшөбүз.

Борбор Азия чөлкөмү жылдан-жылга соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты ишке ашырууда ыңгайлуу шарттагы аймакка айланып барат.

Сандык көрсөткүчтөргө токтоло турган болсок, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1993-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 45 миллиард АКШ долларын түзсө, 2019-жылы 8 эсеге өсүп, 347 миллиард АКШ долларына жеткен. Бул сумма 2030-жылга карата дээрлик эки эсеге көбөйүп, болжол менен 610 миллиард АКШ долларына чейин жетери күтүлүүдө.

Ошентип, баалуулуктар сыяктуу эле таза экономикалык өңүттөр дагы Евробиримдик өлкөлөрү менен келечектүү кызматташтыкты куруу үчүн өбөлгөлөрдүн бар экендигин тастыктайт.

 

Урматтуу бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары!

 

Биз бекиткен форумдун тематикалык сессиялары Кыргызстандын учурдагы экономикасынын күн тартибинде турган маселелерине толугу менен дал келет.

Биринчиден, климат боюнча ишибиздин кеңири контекстиндеги артыкчылыктуу багытыбыз жашыл экономиканы куруу болуп саналат.

Жакында 1-2-ноябрда Глазго шаарында БУУнун Климат боюнча конференциясынын алкагында өткөн дүйнөлүк лидерлердин саммитинде Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгындысы 44 пайызга кыскартууну максат кылып жатканын билдирдим.

Азыркы учурда биздин өлкөнүн дүйнөдөгү газ чыгындысынын түзүмүндөгү үлүшү анча деле чоң эмес, ал 0,03%ды гана түзөт. Ал өнөр жайларыбыздан эмес, калктын жашоосу менен түздөн-түз байланышкан газ чыгындысы болуп саналат.

2050-жылга чейин Кыргызстан “жашыл өнүгүү” платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Мындай көмүртексиз иш алпаруу саясатынын локомотиви энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде биринчи кезекте гидроэнергетика болот.

Биз өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында көмүртектүү энергия булактарынын ордуна, биринчи кезекте, көмүр менен мазуттун ордуна толугу менен электр энергиясына өткөрүү максатында чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап-этабы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз.

Экинчиден, санариптештирүү маселесинде системалуу түрдө акырындап алдыга жылып баратабыз. Башка көйгөйлөр менен катар COVID-19 пандемиясы өлкөбүздө маалыматтык технологияларды киргизүү процессин тездетти.

 Бул өз кезегинде бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөшүүдө чара көрүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда ишкерлик чөйрө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Үчүнчүдөн, бизнес тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын локомотиви экени жалпыга белгилүү.

Кыргызстандын ИДПсында чакан жана орто бизнестин үлүшү 40 пайызга жакын. Бирок ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 50 пайыздан ашат. Ошентсе да бизде өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Быйыл инвесторлордун ишенимин арттырууга, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, бизнес-чөйрөсүн, анын ичинде менчикти коргоого, экономикалык кылмыштарды алдын алууга багытталган бир катар жарлыктар чыккандыгын белгилеп кетейин.

Мындай мамиле өлкөбүздүн либералдык мыйзамдары бар демократиялык мамлекет катары мындан ары өнүгүүгө бет алгандыгын тастыктайт.

 

Урматтуу кесиптештер!

Бүгүн биз Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этап башталып жатканын айта алабыз деп эсептейм. Бул бизге алга жылууга дем  берет.

Мындай жакындашуу 2019-жылы Бишкекте бекитилген Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясындагы максаттар менен милдеттерге жооп берерин өзгөчө канааттануу менен белгилейм.

Экономикалык кызматташтыктын пайдубалын дал ушул биздин өлкөнүн борборунда түптөп жатканыбыздын өзү эле терең символикалуу мааниге ээ. Ал бүгүнкү иш-чарабызга жаратмандык шык-дем болуп берет.

Биздин форумубуз мындан ары да өнүгүп-өсүп, чыңдала берсин. Иш-чаранын катышуучуларына ийгиликтерди каалайм.

Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем”.

2021-жыл 5-ноябрь