Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Стамбул шаарында ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин (ТМКК) Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чара Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.

Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.

Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.

2021-жыл 12-ноябрь Стамбул