Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиз Кыргызстандын Президенти кызматына киришкен учурдан тартып кытай-кыргыз мамилелери өнүгүүнүн жагымдуу тенденциясын сактап, түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуубуз жаңы натыйжаларга жетишти. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө, мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий өз ара ишенимди тереңдетүү, «Бир алкак, бир жол» демилгесин биргелешип курууну алга жылдырууну тездетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жетишүүгө өзгөчө көңүл бурам», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бардык иштеринде бакубатчылык каалады.

2021-жыл 6-декабрь