Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Бүгүнкү күндө Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан прогресстин жолу менен ишенимдүү бара жатат жана турмуштун көп тармактарында реформаларды жүргүзүүдө.
Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен көп кырдуу кызматташтыктын азыркы деңгээлин жогору баалайт. Салтка айланган бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да кыйшаюусуз бекемделе берерине бекем ишенебиз. Учурдан пайдаланып, чын дилимден чың ден соолук, узун өмүр жана жеке бакыт-таалай, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө албан ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.