Бүгүн видеоконференция форматында Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгындагы жолугушууга Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никола Пашинян, ЕЭЖКтин Ардактуу Төрагасы Нурсултан Назарбаев, ошондой эле ЕАЭБ алдындагы байкоочу-мамлекеттердин башчылары — Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Куба Республикасынын Президенти Мигель Бермудес жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө интеграциялык бирикменин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө багытталган Евразия экономикалык биримдигинин ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
ЕЭЖКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Биримдиктин алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды.