Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2016-жылдын
30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын
    30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жободо:
 — 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«6. Комиссиянын ишин Комиссиянын катчылыгы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн кадрдык иштер сектору камсыз кылат»;
 — 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Комиссиянын төрагасы Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктарын Комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине туруктуу негизде өткөрүп берүүгө укуктуу».

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын
    26-июнундагы № 141 «Кыргыз Республикасынын Президентинин
    2016-жылдын 30-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы күчүн жоготту
    деп табылсын.
  2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2021-жыл 10-декабрь