Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.

«Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл өлкөңүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтүү жана жемиштүү болсун», — деп айтылат куттуктоо катында.

2021-жыл 31-декабрь