Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Сизди кирип келген 2022-жылыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, кубаныч жана бардык башталыштарда ийгилик, ал эми Сиздин өлкөңүздүн элине — тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдоп өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл бардыгыбызга бакыт жана бакубаттуулук алып келсин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-декабрь