Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Карыбек Дуйшеев Конституциялык соттун төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Дуйшеев Карыбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

2022-жыл 2-февраль