Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Бакирова Нургүл Жакыповна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду.