Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.