Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Чүй облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна иш сапары менен барат.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы аймактын өнөр жай ишканаларын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров жолдордун курулушунун жүрүшү менен да таанышаары күтүлүүдө.

2022-жыл 15-февраль