Аида Исмаилова Корея Республикасына Элчи болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.