Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

2022-жыл 17-февраль