Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.
Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.