Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Армениянын ортосунда калыптанып калган достук мамилелер мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө жана евразия мейкиндигиндеги интеграциялоо процесстеринин тереңдешине өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат Мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Армения Республикасынын элине –тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

2022-жыл 4-март