Бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болду.
Ант бергендер:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
— транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
— санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев.
Ошондой эле, Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.