Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

2022-жыл 14-март