Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШнын Президенти Жо Байден Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз жаз майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз жаз майрамы менен куттуктады.

«Сизге жана Кыргызстан элине каалайм жаңы жылда тынчтык, ден соолук жана өсүп-өнүгүү каалайм. Нооруз майрамы кут болсун», — деп айтылат куттуктоодо.

Жо Байден ошондой эле, быйыл АКШ менен Кыргызстан дипломатиялык мамилелердин жана өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын билдирип, АКШ Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенине ишендирди.

2022-жыл 21-март