Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Некролог — Арстанбек Мурзалиев

20-мартта билим берүү, илим, медицина тармактарынын көрүнүктүү ишмери, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, белгилүү илимпоз, дасыккан адис, Кыргызстандагы неврология жана медициналык генетиканы изилдөө жана өнүктүрүү жаатындагы илимий мектептин негиздөөчүсү жана жетекчиси Арстанбек Мурзалиевич Мурзалиев 91 жашында дүйнө салды.

А. Мурзалиев 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетин, 1955-жылы неврология кафедрасынын клиникалык ординатурасын бүтүргөн. Ал эми 1955-1966- жылдары Москвадагы көрүнүктүү советтик невропатолог, профессор М. Ю. Рапопорттун жетекчилиги астында СССРдин академик Н. Н. Бурденко атындагы медицина илимдер академиясынын Нейрохирургия илим-изилдөө институтунун аспирантурасын жана докторантурасын аяктаган.

Анын илимий эмгектери терең, оригиналдуу ой жүгүртүлгөндүгү, клиникалык кылдат изилдөө менен патофизиологиялык анализди айкалыштырууга умтулуусу менен айырмаланат.

А. Мурзалиев 1958-жылы кандидаттык, 1966-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Андан кийин өзү окуган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтта эмгектенип, карьералык өсүштүн бардык баскычтарын — ассистент, доцент, профессор — неврология кафедрасынын башчысы, аталган окуу жайдын илим боюнча проректору (1978 — 1987-ж.), ректор (1987-1996-ж-ж.) кызматтарын басып өткөн. Бул мезгил аралыгында республиканын саламаттык сактоо тармагында неврологиялык кызмат өнүгүп, калыптанган: бардык облустук борборлордо жана ири шаарларда медициналык диагностикалык жабдуулар менен жабдылган адистештирилген неврологиялык бөлүмдөр уюштурулган, нерв оорулары клиникасынын базасында нейрохирургиялык бөлүм жана медициналык генетика бөлүмдөрү жана КММАнын ангионеврология сектору ачылган.

А. Мурзалиевдин мээнин шишиктери боюнча эмгектеринин циклинде мээ шишигинин операцияга чейинки диагностикасын тактоо максатында клиникалык семиотиканын маселелери жана клиникалык, лабораториялык, клиникалык жана физиологиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларынын маани-маңызы иштелип чыккан. Жаңы клиникалык жана ликерологиялык синдромдор жана бир катар жаңы клиникалык фактылар сүрөттөлгөн. Алар шишиктин эң ыктымалдуулугун жана анын локализациясын мүнөздөйт. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө шишиктин клиникалык жүрүшүнө коркунуч туудурган оор кесепеттерге алып келүүчү коркунучтар аныкталып, керектүү тиешелүү диагностикалык жана дарылоо чаралары (ЯМР, КТ) иштелип чыккан.

Академик А. Мурзалиевдин илимий ишмердиги тынымсыз педагогикалык иши менен айкалышкан. КММАнын администрациясында жыйырма жылдай иштеген А.Мурзалиев кызматкерлердин илимий потенциалын медицина илиминин жана саламаттыкты сактоонун актуалдуу проблемаларын үйрөнүүнүн айланасына топтоштурду. Россиянын, АКШнын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн жогорку медициналык окуу жайларынын тажрыйбасын изилдеп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун өнүктүрүүнүн концептуалдык ыкмаларын иштеп чыккан. Ал жаңы окуу планына жалпы практикалык дарыгерди даярдоо планын киргизген. Анын сунушу менен КММАда чет элдик студенттерди даярдоочу факультет (Индия, Мозамбик, Пакистан ж. б.), Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайдын даярдоо бөлүмү, Ош шаарында педиатрлардын квалификациясын жогорулатуучу доценттик курс, Ош, Кыргыз-Орус-Славян университеттеринде медициналык факультеттер ачылган.

Ал республикадагы кайрымдуулук кыймылынын башталышында тургандардын бири. Республикалык кайрымдуулук фондунун төрагасы болуп турганда кайрымдуулук акцияларын жигердүү жүргүзгөн.

Академик А. Мурзалиев көп жылдар бою Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-медициналык кеңешинин төрагасы, КР УИА президиумунун мүчөсү, республиканын невропатологдорунун илимий медициналык коомунун төрагасы болуп иштеген.

Арстанбек Мурзалиевич илимий жана практикалык жетишкендиктери үчүн «Республиканын эмгек сиңирген дарыгери» наамына (1974-ж.) ээ болуп, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1977-ж.), КР УИАнын анык мүчөсү (1984-ж.) болуп шайланган. «Илимге эмгек сиңирген ишмер» наамына (1991-ж.), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреатыгына (2011-ж.) татыктуу болгон.

Академик А. Мурзалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышына депутат болуп шайланган (1985–1995-ж-ж.). Советтер Союзунун бир катар медалдары, КР «Даңк» медалы, «Манас» ордени, бир нече жолу Жогорку Кеңештин Президиумунун Ардак грамотасы, саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин граматалары менен сыйланган.

А. Мурзалиев 200дөн ашык илимий эмгек, анын ичинде 20дан ашык окуу-методикалык колдонмо жана монографияларды даярдап, басып чыгарган. Анын жетекчилиги астында 5 докторлук жана 20дан ашык кандидаттык диссертациялар корголгон.

Академик А. Мурзалиев бүткүл өмүрүн кыргыз медицинасынынын неврологиялык кызматын түптөөгө арнаган. Учурда Кыргызстандагы невропатологдордун баары — анын шакирттери. Айрым шакирттери академик наамына ээ болуп, тиешелүү медициналык кызматтарды уюштурууга жетишти.

Көп кырдуу талант А. Мурзалиев Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн флагманы болгон КММАнын ректору катары да үзүрлүү эмгектенди. Ошондой эле кыргыз элинин бакубат турмушу үчүн саясий жана мамлекеттик иштерге активдүү катышты.

Маркумдун жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма жашайт жана сакталат.

 

С. Н. Жапаров, А. У. Жапаров, Т.Мамытов, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, А. К. Эргешов, Д. Ашимова, А.Бейшеналиев, Э.Тентишов, М. С. Джуматаев, М. М. Мамакеев, М. М. Мамытов, Ш. Ж. Жоробекова, С. А. Жумабеков, Д. А. Адамбеков, Д. К. Кудаяров, А. З. Зурдинов, Ж. К. Бакашова, Р. А. Оморов, К. Б. Ырысов, И.Кудайбергенова, О. А. Тогузаков, А. А. Акматалиев, К. Ч. Кожогулов, О. И. Ибраимов, К. Т. Шалпыков жана башкалар.

 

2022-жыл 21-март