Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Финляндиянын Президенти Саули Ниинистё Президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду

 Финляндия Республикасынын Президенти  Саули Ниинистё Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго  эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду.

“2022-жылдын 23-мартында Финляндия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду, ошондой эле Сиздин өлкөңүзгө жана анын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубатчылык  кааларымды  айткым келет”, - деп айтылат куттуктоо катында.   

2022-жыл 23-март