Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык кеңешмеси өттү

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык кеңешмеси болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  билим берүү, маданият жана социалдык коргоонун 309 миңдей кызматкерлеринин эмгек акыларын масштабдуу жогорулатуу тууралуу билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары билим берүү, маданият жана медицина кызматкерлери өлкө жетекчилигинин иш-аракеттерин колдоорун айтып, ошондой эле өздөрүнүн кесиптик тармагындагы абалды жакшыртуу боюнча  каалоолорун билдиришти.

Социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык кеңешмесине Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле социалдык-маданий тармактын кызматкерлери катышты.

 

2022-жыл 4-апрель