Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук жолдору боюнча изилдөөнүн бет ачарына катышты

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева бүгүн, 5-апрелде, «Кыргыз Республикасындагы улуттук деңгээлдеги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштыруу» аталышындагы тегерек столго катышты.

Борбордук Азиядагы БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарада Асель Чынбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү уланып жатканын белгиледи.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кошумчалагандай, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коомдун негизги бирдиги катары үй-бүлөнүн жашоосунун негиздерине гана доо кетирбестен, коомдун өзүнүн коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Барган сайын балдар жана аялдар, ошондой эле кээде эркектер, зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп баратышат.

Ошондой эле, Асель Чынбаева бул тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы эффективдүү саясат мамлекеттик түзүмдөр менен жалпы коомчулуктун өз ара кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү шартында гана мүмкүн болорун белгиледи.

2022-жыл 5-апрель