Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери өлкө калкы менен жолугушууларды өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.

Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин жолугушууларына бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырабыз.

Жолугушуунун графиги тиркелет.

2022-жыл 6-апрель