Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Баку шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, расмий сапар менен Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Г.Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

2022-жыл 19-апрель