Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Гейдар Алиев жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерди  

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжан Республикасына расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин элесин  анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди.

Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын делегациясы Ардактуу кароол тизилген “Шейиттер аллеясына” барышты. Президент Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

2022-жыл 19-апрель Баку