Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эки өлкөнүн лидери Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 20-апрелде, расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. 

Документте,- “Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук салтына жана боордоштук мамилелерине негизделип, 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Азербайжан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүн жетекчиликке алып, артыкчылыктуу маселелерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

– мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү;

– ушул Меморандумга тиркелген Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү”,- деп айтылат.

2022-жыл 20-апрель Баку