Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Өзбекстан, Пакистан, Афганстан, Иран жана БАЭде жумушчу сапары менен болду

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Афганстан боюнча Атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан Республикасына, Пакистан Ислам Республикасына, Афганстан Ислам Эмиратына, Иран Ислам Республикасына жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. 

Сапарлардын алкагында 7-апрелден 20-апрелге чейин бул өлколөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана консультациялар өттү.

Сапарлардын негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге жана аймактык кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулоо болду.

2022-жыл 22-апрель