Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

“Жеңиш күнүн майрамдоого байланыштуу Улуу Мартабалууга чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине ден соолук, бакыт-таалай жана мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап жатканыбызды чоң кубаныч менен билдиребиз”, - деп айтылат телеграммада.

Өз куттуктоосун ошондой эле Сауд Аравиянын Мураскор ханзаадасы, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да жолдоду.

2022-жыл 9-май