Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Сингапурдун курамасы менен беттеште колдоп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барды.

Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

2022-жыл 8-июнь