Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан жана Мьянманын курама командаларынын футбол беттешине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда борбор калаадагы   Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы жана Мьянманын курама командаларынын футболдук беттешине барды. Бул Азия Кубогу — 2023 тандоо этабынын экинчи беттеши. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасын 2:0 эсебинде утуп алды.

 Эске салсак, 8-июнда биринчи турда Кыргызстандын курама командасы  Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

2022-жыл 11-июнь