Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Адылбек Касымалиев  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Касымалиев Адылбек Алешович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жарлык менен анын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылынат.

2022-жыл 15-июнь