Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: Мекенге кызмат кылуу, анын кызыкчылыгын коргоо үчүн өз элинин атуулу болуу аздык кылат

“Мекенге кызмат кылуу, анын кызыкчылыгын коргоо үчүн өз элинин атуулу болуу аздык кылат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосундагы аскер өнөрү» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекеттик катчынын сөзү:

"Урматтуу аскер кызматчылары!

Ардактуу окумуштуулар!

Кадырлуу меймандар!

 

Саламатсыздарбы! Баарыңыздарды «Манас» эпосундагы аскер өнөрү» эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылуу аземи менен чын дилимден куттуктайм.

Өңчөй алдыңкы интеллектуалдар менен окумуштуулар чогулуп, аскер кызматчылары менен бирге эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чара уюштуруп, жалпы талкууга баягы көндүм адаттан тыш теманы тандап, анын жүрүшүндө кыргыз элинин өтө аялуу баалуулуктары, эң башкы дөөлөттөрү жөнүндө даректүү сөз козгоп, данектүү кеп салып, орошон ой курууга белсенгениңиздер үчүн чоң ыраазычылык билдирем.

Жанагы «адаттан тыш» деген сөзүмдүн жөнү бар. “Манас” эпосун жакындан билген жана тарыхчы катары айтсам, улуттук аскер өнөрү – өтө аз изилденген тема. Мен билгенден, аскер адамдарынын чөйрөсүндө «Манас» эпосундагы аскер өнөрү, анын тактикалык жана стратегиялык усулдары, аскерий курал-жарактар жөнүндө маселени эл аралык деңгээлде талкуулоо жөрөлгөсү буга чейин болгон эмес. Ошондуктан, бул иш-чараны дагы бир илимий-практикалык саамалык катары карасак болот.

Бул иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Улуттук нарк жаатындагы жарлыктар топтомунун бир бөлүгү болуп эсептелген “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка жармакташ өтүп жатканы андан бетер кубанычтуу. Президенттин дал ушул жарлыктары – биздин улуттук идеологиябыздын өзөгүн түзгөн мамлекеттик деңгээлдеги концептуалдуу документтер болуп саналат.

Азыр дүйнө өзгөрүп жатат. Баары кескин өзгөрдү. Бүткүл адамзат цивилизациялык да, аймактык да, концептуалдык дагы мүнөздөгү коркунучтарга дуушар болууда. Босогобузда сагалап турган дүйнөлүк согуш, экологиялык жана техногендик капсалаңдар адам баласы жашайбы же жашабайбы деген маселени кабыргасынан коюп койду. Мындай арабөк абал күтүүсүз кандуу кагылыштарды жаратары бышык. Ошентип, биз азыр ишеним артар дүйнөлүк жаңы идеялар жок кырдаалда жашап жатабыз.

Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда аскер адамдарынын элибиздин эзелтеден келаткан «Манас» сындуу улуу таберигине кайрылышы бекеринен эмес. Армияда кызмат өтөгөндөрдүн басымдуу бөлүгү – жаңыдан чоң турмуш босогосун аттаган жапжаш уландар. «Куш уядан эмне көрсө – ошону алат» демекчи, милдеттүү аскер кызматын өтөө алар үчүн турмуштук таалим-тарбиянын, атуулдук ариетти калыптандыруунун, чыныгы жигит катары жетилүүнүн чоң мектеби болуп саналат.

Кыргыздар – 3 миң жылдан ашуун тарыхый таржымалы бар эң байыркы элдердин бири. Кыргыздар менен колтукташ жашаган жүздөгөн уруулар болгон, алар азыр каякта? Алар эбак эле тарыхый аренадан сүрүлүп калган, улут катары калыптана албай туш-тушка чачылып кетти. Алтургай, кыргыздын атын тарыхта калтырып, ошо күндөн ушу күн жашап жаткан ири элдер деле өздөрүнүн баштапкы атын сактай алган жок. Бирок, тагдыр жазымышы экен, биз кыргыздын өз аты менен эл катары сакталып калдык.

Кыргыздын катаал сыноолордун кыл чыпкасынан өтүп, түптүү эл катары сакталып калышында көптөгөн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык факторлор бар. Албетте, анын ичинде байыртан келаткан аскердик өнөрү да бар. Бирок, мында кыргыздардын каармандыгы менен атуулдук ариети чечүүчү фактор болгону эч талашсыз. Ошондон улам, «Манас» эпосу күнү бүгүн да кыргыз мамлекетинин гимни менен желегиндей эле улуттук идентүүлүктүн символу болуп турат.

Оомалуу-төкмөлүү кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү орун Энесай дооруна туш келет. Кыргыздар I-III кылымда байыркы Таштык маданиятын түптөгөн. Ал эми IX кылымда Улуу Кыргыз каганаты түзүлүп, анын аймагы. Азыркы Монголиядан Теңир-Тоого чейин созулган. Тандамалуу темир иштеткен, курал-жарактын эң мыкты үлгүлөрү жасалган, ошого жараша аскерий өнөрү да өнүккөн, өздөрүнүн рун жазуусу болгон, эл аралык катнаш, аскерий биримдик жана соода-сатык мамилелерин түзгөн.

«Манас» эпосу – кыргыз элинин тарыхый энциклопедиясы» деген аныктаманын эч калети жок. Анда элибиздин тарых-таржымалы, көөнөргүс көркөм күчкө жалгашкан акыл-парасаты түгөл камтылган. Ошондой эле, тарых барагында белгисиз калган элдердин, уруулардын, адамдардын аттары, жер-суу аталыштары, карманып келген каада-салттар, аскер өнөрү, курал-жарактары, турмуш-тиричилик буюмдары, айтор, мезгил элегинен иргелген окуялардын баары бар. Чынында эле ушундай. Ошону менен бирге, мен бул жерде “Манас” эпосун байыркы кыргыздардын аскер өнөр энциклопедиясы деп атагым келип турат.

“Така туякты, туяк тулпарды, тулпар эрди, эр элди сактайт” демекчи, жалпы аскер өнөрү, баардык аскердик курал-жарактар, аскерий айла-амалдар, аларды колдонгон тарыхый адамдар менен уламышка айланган каармандардын жеке тагдыры бири-бири менен өтө тыгыз чырмалышкан.

 

Аскердик курал-жарактар

Курал-жарактар негизинен коло, темир, болот, курч сындуу бышык металлдан жасалган. Кийин мылтык пайда болуп, анын найына сай салына баштаган. “Курама темир курч болот» дегенине караганда, алар ар башка темир кошундуларынан бышыкталып жасалса керек. Бул илимий жактан негизделген. Азыр аскерий куралдарды өндүрүү жаатында дал ушундай алдыңкы технологиялар жана нанотехнологиялар колдонулат.

Андан тышкары, кылыч, шамшар, канжар, кыңырак, найыза, шалк этме, айбалта, чокмор, сыйыртмак, жаа, мылтык, жазайыл өңдүү чабуул куралдары менен катар, зоот, каттама, калкан, туулга сыяктуу коргонуу жабдыктары да кошо жасалган.

«Манас» эпосунда башкы каармандарга, айрыкча Манаска таандык ар бир курал-жарактын өзүнчө таржымалы, аларга ээ болуу тарыхы кеңири баяндалат. Алардын кайдан жана кандай шартта келгени же ким тарабынан кантип жасалгандыгы жөнүндө толук кабар берилет. Алардын энчилүү кылычы, түпөктүү найзасы, көрөгөч дүрбүсү, жазбай аткан мылтыгы болот. жебе менен кылычтын эле кан түрү бар...

Мисалы, асмандан түшкөн алты курчтун (азыркы тил менен айтканда – метеориттин) ар биринин өзүнчө касиети бар. Манастын курал-жарагы мына ошол курчтан жасалган. Демек, кыргыздардын асмандан түшкөн көмүр тек менен байытылган метеорит металлдарын иштетүү технологиясын билген. Алтайдагы темир мештер азыр дагы сактуу турат.

 

Аскердик түзүм калыбы. “Манас” эпосунда он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, кол башы, оң канат, сол канат, туу башы деген аскерий түзүмдүк аталыштар бар. Алардын өз алдынча кеңештери, азыркы тил менен айтканда, аскердик штабдары иштеген.

 

Аскердик айла-амалдар. Эпосто “Чоң казат”, “Кичи казат” деген аскерий жүрүштөрдүн аттары, жекеме-жеке же жекме-жек, ат коюу, жарып өтүү, ит урушун салуу, орой чалуу, бириндетип талкалоо, буктурма, куугун, ташкапкан, жортуул, кайгуул, чалгын, кайгуул, жер чалуу, тосот, чабарман, тыңчы деген сыяктуу аскерий тактикалык жана стратегиялык айла-амалдар да айтылат. Алар көп жагынан азыркы заманбап аскерий аталыштарга дал келет. Мисалы, Айчүрөктөй аккуу кейпин кийип алып жер чалуу ыкмасы азыркы дрондук чалгын куралынын сыпатын элестетип жаткан жокпу?..

 

Манас атанын курал-жарактары жөнүндө уламыш

«Манаста» чагылдырылган курал-жарактар негизинен энчилүү ат менен аталат. Мындай салт элдик дастандардын көбүнө мүнөздүү. Манас баатыр дагы өзүнүн энчилүү курал-жарагына кандайдыр бир касиеттүү жогорку күчтүн, бизче айтканда, Жараткандын колдоосу менен ээ болот.

Манас он төрт жашка чыгып, эрезеге жетет. Ал жанына жети жолдош алып, Үч-Аралга ууга барат. Кийик карап, аң издеген жолдош-жоролору бириндеп туш-тушка кетет. Эсилдин башы Боз-Дөбөгө чыгып, туш тарапка көз чаптырып турганда, төмөндөгү өзөн суунун боюнан бир топ чоочун адамды көрөт. Манас акмалай барып жөн-жайын сурайт. Алардын башчысы Айкожо аттуу көп жашаган касиеттүү кары экен. Ал атайын алыстан Манасты издеп келгенин айтып, ага башка бир касиеттүү адамдын аманаты катары Аккелте мылтык менен Ачалбарс кылычты тартуулайт.

“Жеңген – жетим, жекчил – көп” дейт, анысы кандай, Манас баатыр өлгөндө, анын жакшылыгын көрө алабай ичинен ирип, тышынан тымып жүргөн аталаш тууганы Абыке мене Көбөш бири-бирине эми бул катынын мен алам, тигинисин сен алгын деп, көңүлүн бузуп турганда, жалгыз уулу Семетейди жетелеген Каныкей энебиз Букардагы төркүнүн көздөй качып кутулат. Ал эми Манастын Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркески, Аколпок баштаган жоо-жарагы Абыке-Көбөштүн колунда калат.

А бирок, ар куралдын анты бар эмеспи, Ачалбарс кылыч суурулбай, Сырнайза сунулбай, Аккелте мылтык атылбай, Наркескиси катылбай, Аколпогу кийилбей коет. Көрсө, Манас атанын курал-жарактары башка адамдын амиринет баш ийбейт, өз ээсинин колуна тийгенде гана адилеттүү ак кызматын өтөйт тура. Ошентип, Манастын ал курал-жарагы төрдө илинип тургандан башкага жарабайт.

Кийин Семетей эр жеткен соң, кыргыз кыйырына кайтып келип, атасынан калган мурасын аларда, абалары Абыке менен Көбөштүн айынан көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Акыры ал бийлигине манчыркап эрдемсинген Көбөш менен жекеме-жеке кармашкан учурда көп жылы төрдө үн-жыңсыз илинип турган Аккелтеден шүйшүңдөп кан агат, өзүнөн өзү эле ары-бери чайпалып, тырсылдап добуш чыгарып, чыныгы ээсин тааныгандай алданеден жакшылык жышаанын берет.

Азыркы тил менен айтканда, Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркески, Аколпок заманбап технологиянын жардамы коддолгон курал-жарак катары сыпатталат. Жоокердик куралдарга мүнөздүү мындай мифологиялык уламыштар “Манас” эпосунун баардык бөлүктөрүндө кездешет.

Эң башкысы, ушу тапта байыркы кыргыз элине таандык, “Манас” эпосу баш болгон элдик дастандарыбызда чагылдырылган курал-жарактардын түрлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн үлгүлөрү табылып, алардын колдонуу багыты менен тартиби эбак эле тарыхый-прикладдык жактан далилденген десек болот. Узак жылдар бою Алтай, Түштүк Сибирь, Монголия, Борбор Азиянын чөлкөмүндө архиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн белгилүү орус окумуштуусу Юлий Худяковдун "Энесай кыргыздарынын VI-XII кылымдарлагы курал-жарактары" аттуу китеби бар. Мен ал киши менен көзү тирүү кезинде сүйлөшүп калдым, кайтыш болгонуна бир жыл толо элек, абдан билимдүү, кыргыз эли үчүн абдан күйгөн адам эле.

Юлий Худяков өзүнүн илимий эмгектеринде, жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маектеринде архиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байыркы кыргыздардын курал-жарактары көп табылганын, айрыкча темир буюмдар менен маданий эстеликтер абдан жакшы сакталып калганын, ошол кезде аскердик өнөр жаатындагы чоң өсүш байкалганын, алтургай айрым учурларда курал-жарактар менен атайын тажрыйбалар жүргүзүлүп, алар кыйла өркүндөтүлгөнүн баса белгилейт.

“Башка элдерге салыштырмалуу, кыргыздар IX-X кылымдарда аскер өнөрү жагынан кыйла алдыга озуп кеткен. Буга мисалдар арбын. Ушу тапта учу үч миздүү келген бир жебе сакталып турат. Анын технологиясы кыргыздар тарабынан ойлоп табылгандыктан, "хыргыс-ова" аталат. Жебенин огу бир аз кайрылган. Адегенде жебе тебелендиде калып, ушундай формага келип калса керек деп ойлогонбуз. Бирок, дыкат изилдеп чыккан соң, жебенин огу атайын ушундай түрдө жасалганына көзүбүз жетти. Огу бир бир капталга кайрылып турган жебе жаага тең салмактуулукту камсыздап, душманын таамай аткан. Эң кызыгы, мындай жебе түрүнө заманбап адистер дагы кызыгып, азыр бронебаллистика жаатында аэродинамикалык октор пайда боло баштады», - дейт Юлий Худяков.

Бул – арадан нечендеген доор алмашып, неченлеген кылымдарды аттап кайра бизге трансформациялануу кубулушунун бир мисалы. Демек, муну байыркы кыргыздардын заманбап курал-жарактын өнүгүнө технологиялык жактан кошкон салымы катары да карасак болот.

Алтургай, атжабдык тутумуна кирген үзөңгүнүн пайда болуу таржымалы да кызык. Көчмөн элдин үзөңгүсү үз маалында аскерий согуш өнөрүндө чоң төңкөрүш жасаптыр. Башка элдер ал кезде үзөңгү колдонгон эмес. Көрсө, үзөңгүнү чирене тепкен жоокер бутун салаңдата ат минген адамга караганда бир топ артыкчылыкка ээ болгон: кошумча таяныч катары атка бекем отурган, кылыч чапканга да, жаа тартканга да, найыза сунганга да, атаандашын ат үстүнөн алып жыкканга да кыйла ыңгайлуу экен. Андан тышкары, кош үзөңгү шал этме сыяктуу кара курал катары да колдонулганын жакшы билсеңиздер керек.

Муну кыраакы кыргыз алыстагы атчан адамдын үзөңгүсүн узун-кыска тартканынан эле кандай максат менен келатканын жазгырбай билген. Анткени, душман сүргөнгө, жоо чапканга, кек алганга, жылкы тийгенге аттанган кыргыз баласы үзөңгүсүн кыска тартып, алыс жолдо орто тартып, жайчылыкта узун тартып теминет.

 

Ардактуу замандаштар!

 

Өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар, азыркы замандын чакырыктары барган сайын күч алып, алардын коркунучтары көп кырдуу жана аймактар аралык мүнөзгө ээ болууда. Коомчулук арасы кыйла радикалдашып барат. Айрыкча Борбордук Азия чөлкөмүндө террордук жана экстремисттик коркунучтар буга чейин эле болуп келген, болуп турат. Кырсык айттырбай келет, душман күтүүсүз басат, биз андай жагымсыз жагдайларга дайыма даяр болуубуз керек.

Албетте, Мекенге кызмат кылуу, анын кызыкчылыгын коргоо үчүн өз элинин атуулу болуу аздык кылат. Ал үчүн азыркы аскер адамы өз элинин тарых-таржымалын жатык билген, улуттук наркты сыйлаган адам болууга милдеттүү. Азыркы аскер адамынын дени сак, денеси чымыр, күжүрмөн, акылы тунук, жандүйнөсү таза, деми күчтүү, физикалык, теориялык жана практикалык даярдыгы жетиштүү болууга тийиш. Ансыз кыйын. Заман талабы ушундай!

Биздин башкы максат – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, анын көз карандысыздыгын коргоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, нарк-насилдүү, таалим-тарбиялуу, ден-соолугу чың жаӊы муундун өкүлдөрүн өстүрүү. Анткени, келечек – жаштардын колунда!

«Манас» дастанында кылымдар кыйырын кырча басып келаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, алардын биридимдиги тууралуу минтип айтылат:

Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө,

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп калды кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет!..

Мына, даанышман Бакай бабабыз баштаган ата-жотолорубуздун байыртан келаткан чакырыгы, туу туткан урааны. Бөлүнбөйлү, кыргыз эл, биригели. Бирикпеген – тирикпейт! Биздин улуттук идеологиябыздын башаты да дал ушул биримдикте турат.

Эмесе, эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалайм. Ал эми илимий иш-чаранын катышуучуларын илимий иш-чаранын жүрүшүнө жигердүү катышып, өз ой-пикирлериңерди бөлүшүп, алгылыктуу сунуштарды берүүгө чакырам.

Көӊүл бурганыӊар үчүн чоӊ ыракмат!"

 

 

 

 

2022-жыл 15-июль