Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева жана КРдагы “БУУ – аялдар” Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жаңы социалдык технологияларды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева “БУУ аялдар” Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен биргеликте кыздарга (же жашы жете элек балдарга) карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча жаңы социалдык технологиялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлеринин, министрликтердин  жана Бишкек, Ош шаарларынан, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Катышуучулар жеке жана кесиптик натыйжалуулукту жакшыртууга зарыл болгон креативдүү талкуу, эмпатикалык мамилени колдонуу ыкмалары менен таанышты.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана иш-аракеттер планынын долбоорлору менен бирге кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

2022-жыл 25-август