Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Франциянын Президенти Эммануэль Макрон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады

Француз Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

“31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн урматына арналган улуттук майрамга карата Сизге чын жүрөктөн жана жылуу каалоо-тилектерди айтууга, ошондой эле кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү кааларымды билдирүүгө уруксаат этиңиз.

Мен өткөн жылдын октябрында Глазгодо өткөн Траптардын конференциясы учурунда сиз менен жолугушуканыма кубанычтамын жана биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер мындан ары да тереңдей берерине ишенем, атап айтканда жакында Парижде сиздердин элчиликтин ачылышынын аркасында”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2022-жыл 1-сентябрь