Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Астана шаарында өтүп жаткан АӨИЧК VI саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты.

Эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле АӨИЧК конокторун Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин АӨИЧК Саммитинин ачылышы болду.

2022-жыл 13-октябрь Нур-Султан