Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Тхонглун Сисулитти Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Сизди жана лаос элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.
Достукка жана кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы мамилелер биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.
Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын катында.