Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Ош шаарында өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Ош шаарында өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте аталган кампаниянын алкагында иш-чараларды өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү уюмдарынын Ассоциациясы менен биргеликте Ош шаарында өткөрүлгөн бул иш-чара Ош облусунда жана Ош шаарында жайгашкан мектептердеги 30дан ашуун директорлорго жана директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн болду.

Иш-чаранын катышуучуларына балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча кырдаалдык талдоо сунушталып, анда ата-энелердин жана мугалимдердин колдоосуна муктаж болгон балдарды эрте аныктоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле, зомбулуктун алдын алуу боюнча башка мамлекеттердин тажырыйбасы эске алынды.

Асель Чынбаева туура жана туура эмес мамилелер, эмоционалдык интеллектти жакшыртуу, коопсуз мектепти куруу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жаңы сабактарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл ата-эенелер менен мугалимдердин жоопкерчилиги өзгөчө экенин белгиледи. Ал ошондой эле, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Ош облусунун жана Ош шаарынын 200 мектеп окуучулары үчүн “Зомбулуксуз жашоо” аталышында акция өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты – балдарды боорукердикке үндөө, улууларга сый мамиле жасоо, ошондой эле париоттук сезимди ойготуу. Иш-чаранын соңунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы балдарга белектерин тапшырды.

2022-жыл 3-декабрь