Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Евробиримдиктин Афганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Европа Биримдигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту. 

Афганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту коргоо, эл аралык терроризмге, баңги аткезчилигине каршы күрөшүүгө көмөктөшүү, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды. 

Афган маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүүлүгү жана афган элине тез арада гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

2022-жыл 3-декабрь