Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусь Президенти Александар Лукашенко президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александар Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүз менен чын дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө Сиздин жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстан динамикалуу өнүгүп, социалдык-экономикалык кайра куруулардын жолуна түшүп, эл аралык аренада тең салмактуу позицияны ээлеп, интеграциялык бирикмелерге төрагалык кылууну ийгиликтүү ишке ашырууда.

Биздин мамлекеттердин ар тараптуу тилектештиги жана өз ара колдоосу бардык деңгээлдеги беларусь-кыргыз диалогун өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшүп, заманбап чакырыктарга натыйжалуу каршы тура тургандыгына ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александар Лукашенко Садыр Жапаровго бекем ден соолук, тынчтык, жакшылык, бардык пландарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

2022-жыл 6-декабрь